Оштун борбордук базарындагы Мамажанов көчөсү асфальтталат. 50-жылдары пайдаланууга берилген унаа жол бул аралыкта бир да ирет капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Көптөн бери көңүл сыртында калып келген жол сапаты кетип, айланасына түшкөн мыйзамсыз курулуштардан улам тарып, жөө кишилер өтчү бөлүгү да жабылып калган.
Жыл башынан бери мында мыйзамсыз курулуштарды тазалоо иши жүргөн. Жолду оңдоого жергиликтүү бюджеттен 7 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Жаңы жолдун узундугу 258, эни 7 метрди түзөт.
Жалпы Ош шаарынын аймагында 513 чакырымда унаа жол болсо, мунун 200 чакырымына асфальт төшөлгөн эмес. Быйылкы жылы калаада 6 чакырым жолду асфальттоо мерчемделүүдө.