Жаңылыктар
“Манас” эл аралык аэропорту штаттык тартипте иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
“Манас” эл аралык аэропорту штаттык тартипте иштөөдө

“Манас” эл аралык аэропорту штаттык тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин калың тумандан улам каттамдар кармалып, токтотулганы айтылган. 

Ал эми кечээ кечки саат ондордон тарта аба ырайы жакшыргандыктан, Ош шаарынын аэродромуна кондурулган Казань - Бишкек жана Москва - Бишкек каттамдары Бишкекке келген. 

Кечигүү менен Ош - Бишкек рейси да аткарылган. Учурда “Манас” аэропорту ишин улантууда. 11-декабрда, аэропорттун аймагында эртеден бери калың туман каптап, 4 учак Оштун жана Алматынын кошумча аэродромдоруна кондурулган болчу.