Жаңылыктар
Калкка акысыз юридикалык жардам берүү декадасы аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Калкка акысыз юридикалык жардам берүү декадасы аяктады

Юстиция министрлигинин калкка акысыз юридикалык жардам берүү декадасы аяктады. Бирок министрликтин алдындагы 24 укуктук жардам көрсөтүү борбору ишин токтоосуз уланта берет. 

Бир жуманын ичинде республика боюнча Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктары, бөлүмдүрү жана Адвокаттар биримдиги, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен чогуу 4,5 минден ашык жарандарга кеп кеңеш берди. Максаты - калктын аялуу топторун укуктук жактан коргоонун деңгээлин өстүрүү. Укуктук сабаттуулугун арттыруу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"