Жаңылыктар
"Тез Жет" авиакомпаниясы жабылуу коркунучунда турат
Кыргызстан жаңылыктары
"Тез Жет" авиакомпаниясы жабылуу коркунучунда турат

Жыл аягына чейин «Тез Жет» авиакомпаниясынын жабылуу коркунучу барБул тууралуу 11-декабрда парламенттин тармактык комитетинде айтылды. Анда “Эйр Кыргызстан”авиакомпаниясын дагы абал жана авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу маселе талкууланды. Жыйында Транспорт жана жолдор министрлиги мамлекеттин менчигиндеги авиакомпания оор абалга кептелип баратканын буга учактардын эскилиги жеткендигин маалымдады. А түгүл жергиликтүү жеке менчик компаниялар да жабылуу алдында турат. Эгер андай болсо, биз ички каттамдарды эле эмес, тышкы каттамдарды да тейлей албай калабыз дейт министр. Ал эми депутаттар эмне үчүн убагында маселе көтөрүлгөн эмес деп жетекчиликти сынга алууда. 

Жалгыз учак ремонтто, кызматкерлердин жарымы акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгып, жарымы чет өлкөлөргө тарап кеткен. Инвесторлордун карааны көрүнбөйт. Кыргызстандын жападан жалгыз мамлекеттик "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын абалы ушундай. Каттамдарын токтотконуна көп болгон. Алгач жетекчилик учактын моторуна "Ош" жана "Манас" аэропортторунда чымчык кирип, эми ошонун кедергиси тийип жатканын айтса, кийин жөн гана мотордун иштөө мөөнөтү аягына жеткени билинди. Маселе парламентте байма-бай көтөрүлүүдө. Буга чейин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өкмөткө тапшырма берип, мамлекеттин жалгыз авиакомпаниясынын көйгөйүн чечүүнүн жолун издеп келүү тапшырмасын берген. Алгач Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлк фонду маалымат берди.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"