Жаңылыктар
ЖЭБдеги кырсыктын себептери боюнча күбөлөр көрсөтмө берди
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБдеги кырсыктын себептери боюнча күбөлөр көрсөтмө берди

УКМК тарабынан өткөн кышта Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу төрт кылмыш иши козголуп, анын экөө сотко өткөрүлгөн.  

Ушул күндөрү Жылуулук электр борборундагы авария жана кезектеги жылдык оңдоо иштерине карата өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугу Биринчи май райондук сотунда каралууда. Бул жолку отурумда авариянын себептери боюнча күбөлөр көрсөтмө берди.

Октябрь айында башталган отурумдар учурда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу менен уланып жатат. ЖЭБдеги авариянын себептерин сүрүштүргөн кезектеги жараянда башкы инженер Юрий Календарёв от казандарды жылытуучу химиялык сууну көзөмөлдөгөн жумушчулар жылытуунун деңгээли төмөндөгөнү тууралуу абалды өз убагында жеткирбегенин айтты. 

Авария 26-январда таңкы саат 7де келип чыгып, анткен менен инженерлер жабдуулар катардан чыкканын 15 сааттан кийин билген.

Өткөн кыш калаа тургундарынын бир апта бою жылуулуксуз калышы менен эсте калды. ЖЭБдеги кырсыктан улам ачыкка чыккан алешемдикке кайсы жетекчинин кандай тиешеси бар териштирилип жатат.