Ош шаардык калкты тейлөө борбору модернизацияланды. Борбордогу иштөө, тейлөө тартиби өзгөртүлдү. Электрондук кезек киргизилип, буга чейин бири-бирин кайталаган документтерди кабыл алуучу бөлүмдөр бириктирилди. Мунун ордуна кабыл алуу терезелери көбөйтүлдү.
Ошондой эле, жарандар үчүн күтүү залында жаңы эмеректер орнотулду. Ош шаарындагы бул борбор Ош шаарынын тургундарын гана эмес, Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорунун, ошондой эле коңшу облустардын тургундарын да кабыл алат. Күнүнө миңдей жаранга кызмат көрсөтөт.
Борбордун жаңыланышы менен тейлөөнүн да сапаты жакшыра турганын адистер айтат.