Жаңылыктар
Нарын шаарынын тургундары эки күндөп таза суусуз калышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарынын тургундары эки күндөп таза суусуз калышууда

Нарын шаарынын борбордук бөлүгү жана “Городок” чөлкөмүндө таза суу чыкпай жатат. Анда таза суу түтүгү жарылып, учурда оңдоо жумуштары жүрүп жаткан убагы. Бирок бул көрүнүш нарындыктар үчүн тааныш эле маселе. Анткени жыл башынан бери суу түтүктөрү 87 жолу жарылып, эки күндөп ичүүчү суу жок отурган күндөр да болгон. 

Буга жер астында жаткан суу түтүкчөлөрүнүн эскилиги жетип, жарактан чыгып калганынан келип чыгууда. Шаардыктардын шайын алган суу маселесин чечүү үчүн болгон аракеттер жумшалып, түнү менен элге суу берилгени жатат. Ал эми жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурабай берилип жатат.