10-декабрда өлкөнүн башкы балатысы жанды. Аны көрүп калуу үчүн Ала-Тоо аянтына эл жыш келди. Шаар жетекчиси Азиз Суракматов борбор калаанын тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, жылуу сөздөрүн арнады. Жаңы жылдык балатыны жандыруу иш-чарасы театрлаштырылган концерттик программа менен коштолду. Жагымдуу окуянын алдында Ала-Тоо аянты караңгы. Сахна жасалгаланып бош турат. Бирок жаңы жылдык балатыны көрүүгө эл жыш келди. Уюштуруучулар театрлаштырылган жомок даярдашкан.
Өлкөнүн башкы балатысын жандырууга калаа башчысы Азиз Суракматов менен шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров келди. Алар алгач чогулган элди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап жылуу сөздөрүн арнады. Ошентип Ала-Тоо аянтындагы өлкөнүн башкы балатысы жанып, иш-чара эстрада ырчыларынын коштоосундагы концерттик программа менен уланды. Көрүүчүлөргө ыр-бий тартууланды.
Негизи эле Ала-Тоо аянты жаңы жылга карата өзгөчө кооздолгон. Жарандар балаты жанганчакты көз жоосун алган кооздуктан бир ирмем катары эстеликке сүрөткө түшүп жатышты.