Өткөн аптада Кыргызстандын нефтетрейдерлери келерки жылга Орусиядан күйүүчү майларды салыксыз ташып келүү боюнча келишимге кол коюу кечеңдеп жатканын кабарлап, бензин кымбатташы мүмкүн деп, коомчулукту дүрбөлөңгө салган билдирүү тараткан. Ал ортодо Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Орусиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, күтүлүп жаткан келишимге кол коюлганы кабарланды.
Орусияда кол коюлган келишим учурунда, Кыргызстанды күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо үчүн бардык шарттар түзө тургандай сүйлөшүү жүрдү. Мындай жагдай эми керектөөчүлөрдү күйүүчү майдын түрү менен гана камсыздабастан, жол курууда керектелүүчү битумдарды алып келүүнү шарттайт. Бир аз убакыт мурда эле нефтетрейдерлер маселе али күнчө чечилбей жатканын айтып коңгуроо каккан. Эгер бул келишим күчүнө кирбе калса, 2019-жылдын 1-январынан тарта бажы алымынан улам күйүүчү майдын бир литри 2,5-3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн эле.
Ал эми ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү мунай базары 2025-жылы иштеп баштайт. Мындай тутум ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдөн күйүүчү майларды бажы төлөмдөрүсүз сатып алууга жол ачат. Бул долбоор уюмга кирген бардык мамлекеттердин жетекчилиги тарабынан колдоо таап, 6-декабрда Питерде болгон ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдү башчылары катышкан жыйында алгачкы этабын ишке ашыруу боюнча кол коюлду.
Бирдиктүү базар ЕАЭБдин саясатына, табиятына туура келет. Андыктан келечекте мунай гана эмес, башка товарларды да ушундай жол менен жүгүртүү ишке ашышы мүмкүн. Адистер болсо бул жагдай, экономикага оң таасирин тийгизет деген баа беришүүдө. Анткени мунай жана мунай заттарынын бирдиктүү базары күйүүчү майларды соодалоодо бажы төлөмдөрүн гана эмес, башка тоскоолдуктарды да жоет.