Бүгүн, 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунда, адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынганына туура 70 жыл толду. Декларациянын тексти дүйнөнүн 375 тилине которулуп, адам ээ болгон негизги укуктардын глобалдык деңгээлдеги аныктамалары болуп эсептелет. Декларация Преамбуладан жана 30-статьядан туруп, аларда адамдын негизги жарандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктары менен эркиндиктери жарыяланган. Адам укуктарынын жалпы декларациясы эл аралык келишим болуп эсептелбесе дагы, эл аралык каадалардан улам адам укугун сыйлаган өлкөлөрдө милдеттүү күчкө ээ болот.