Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун түзүлгөнүнө 20 жыл толду.
20 жыл ичинде Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду авторлорго, ойлоп табуучуларга, окумуштууларга, маданият жана искусство ишмерлерине, жаш калемгерлерге материалдык, уюштуруучулук, маалыматтык колдоо көрсөтүп, алардын эмгектеринин жарыяланышына, илимий конференциялардын, семинарлардын өткөрүлүшүнө, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө, ишканаларга патенттик маалыматтын жеткиликтүү болушуна, балдар техникалык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө, баштапкы техникалык билим берүү ийримдеринин түзүлүп, кайра жандандырылышына, илимий-техникалык олимпиадалардын, сынактардын өткөрүлүшүнө салымын кошуп келет.
20 жылдык ишмердүүлүккө жана Ч. Айтматовдун туулган күнүн утурлай, үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду 20 жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо максатында “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” аттуу конференциясын уюштурууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун ишмердүүлүгүнөн тышкары, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү, сахналаштыруулар, жазуучунун тил,маданият менен искусствонун өнүгүшүнө тийгизген таасири боюнча ой-пикирлер айтылат.
Конференцияга Жогорку Кеңештин, министрликтердин, Улуттук илимдер академиясынын, чыгармачыл союздардын өкүлдөрү, ойлоп табуучулар, окумуштуулар, аймактык балдар билим берүү жана техникалык - чыгармачылык борборлорунун жетекчилери, Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун аймактык координаторлору, көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери катышат.