Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында болду. Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында социалдык объектинин ачылыш аземине катышып, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы бир катар социалдык, инфраструктуралык мекемелердин абалы жана өндүрүштүк ишканалардын ишмердиги менен таанышты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапарынын алкагында алгач Жалал-Абад облусундагы эки мектептин абалы менен таанышты. Билим берүү мекемесин көрүп чыгып, Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга мектептин жаңы имаратынын курулушун баштоо мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды. Андан соң өкмөт башчы Базар-Коргон районунун Жай-Терек айылында А.Монокбаев атындагы №29-орто мектепке барды. Мугалимдер менен жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев окутуучуларды, ата-энелерди өз мекенин сүйгөн мекенчил жана анын өнүгүүсүнө өз салымын кошууга умтулган эмгекчил катары тарбиялоо үчүн балдардын окуусуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөттүк программанын алкагында социалдык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө маани берилет.
Жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында жаңы спорт залдын ачылыш салтанатына да катышты. Жергиликтүү жашоочуларды бул кубанычтуу окуя менен куттуктап, өкмөт башчы Президент тарабынан 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланганын эске салып өттү. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөттүк программанын алкагында социалдык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө маани берилет.
Ошондой эле, өкмөт башчы жаан-чачындуу мезгилде машиналардын каттоосуна олуттуу тоскоолдук келтирген Каба жана Жай-Терек айылдарын байланыштырган жолунун абалын көрүп чыкты. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Премьер-министрге аталган жол тилкесинде шагыл төшөө иштери жүргүзүлгөндүгүн маалымдады. Бирок бийик тоолуу аймактагы аба ырайынын катаал шарттарына жараша жолдун абалы канааттандырарлык эмес бойдон калууда. Жолдун абалы менен таанышууда Мухаммедкалый Абылгазиев Жай-Терек айылынын тургундары менен маектешти. Анда жашоочулар өкмөт башчыга кайрылып, унаа жолунун абалына көңүл бурулушун өтүндү.
Жалал-Абаддан кийин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен сымап комбинатына барды. Айта кетсек, Айдаркен сымап акционердик коомунун «Кошумча» шахтасында 2009-жылы болгон 1-категориядагы авариянын кесепетинен «Кошумча» жана «Батыш» шахталарында төмөн жайгашкан негизги кен горизонтторун суу каптаган. Бирок инвестор «Север сталь» ЖЧКсынын келиши менен кырсыктын кесепетин жоюу иштери башталган. Учурда жер алдындагы шахта сууларынын деңгээли 1572 метрге чейин төмөндөп, бул «Батыш» шахтасындагы 2-горизонтту кургатууну шарттаган жана 2018-жылдын мартында копмлекстүү кен казуу башталган. Андыктан өкмөт минералдык-сырьелук базанын учурдагы абалын, ошондой эле чыгарылган продукцияга дүйнөлүк рыноктогу суроо-талапты эске алып, Кадамжай сурьма комбинатын өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтөт.
Иш сапардын соңунда Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Кең-Сай конушунда аялдардын жана эркектердин кийимдерин тигүү боюнча текстилдик тигүү фабрикасында болду. Аталган завод келечекте жети миң адам жумуш менен камсыздап, долбоорго ылайык негизги иштөө мөөнөтү катары – тигүү фабрикасы, агрардык тармак – пахта, пахта тазалоо жана кайра иштетүү, жип жана кездеме өндүрүү ишканасы пландалууда. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан бул долбоорду ишке ашырууда текстилдик жабдууларды сатып алууну каржылоо боюнча колдоо көрсөтүлөт.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"