Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Валентина Шевченкону Канаданын Торонто шаарында өткөн абсолюттук мушташ чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.
«Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Сиз мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондукту жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Сизге мелдештерде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм. Ыңгайлуу учурда Мекениңизге келип кетүүгө чакырам», -деди мамлекет башчысы.