Энерготармак дагы бул оорудан оолак болбой, жабышып алып, энергетика тармагынын мурдагы жетекчилери январда болгон аварияга жана ЖЭБди оңдоого байланыштуу өткөрүлгөн тендер боюнча айыпталып жатышат. Бишкек жылуулук электр борборунда болгон кырсыктан кийин жалпысынан 4 кылмыш иши козголуп, анын экөө сотко өткөрүлгөн.
ЖЭБдеги авария жана кезектеги жылдык оңдоо иштерине байланыштуу өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугу Биринчи май райондук сотунда териштирилүүдө. Январь айында Жылуулук электр борборунда болгон кырсык бүтүндөй Бишкектин тургундарын үшүткөн. Апта боюу уланган ызгаардуу сууктагы түйшүктү калаа тургундары унута элек.