Жаңылыктар
Өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймактарды көтөрүү керек
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймактарды көтөрүү керек

Өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймактарды көтөрүү керек! Өнүккөн аймак - өнүккөн өлкө! Мына ушундай ураан менен быйыл аймактарды өнүктүрүүгө болгон аракет күч болду. Ал аракеттер аймактардын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн колдоого, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, аймактардын экономикалык өнүгүүсүн шарттаган инвестицияларды тартууга багытталган. 

Таза суу, жол, мектеп, оорукана, бала бакча, дыйканчылык, мал чарбасы, чакан бизнестер, айтоор айта берсек узун тизме... Кыскасы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн көбү аймактарда. Албетте, алардын бардыгын бир жылдын ичинде чечүү мүмкүн эмес. Бул үчүн иштер ар кадам сайын жасалып турушу керек. Эң башкысы аймактарды өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан бүгүнкү иштердин учугу эртең дагы уланышы керек...