Жаңылыктар
Караколдо шаардын тазалыгына өзгөчө көңүл бурулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Караколдо шаардын тазалыгына өзгөчө көңүл бурулууда

Каракол шаарын таза жана иреттүү кармоо максатында быйылкы жылы тазалык мекемесиндеги кызматкерлердин саны көбөйгөн. Мурда атайын бекитилген штаттык бирдикке ылайык көчө шыпыруучу кызматкерлердин саны болгону 16 адам болсо, алар 41 адамга көбөйтүлгөн. Мунун жыйынтыгы абдан жакшы болуп, шаардын борбордук бөлүгүндөгү тазалык көңүл жылытарлык болду,- дешет шаар бийлиги. 

Бул долбоордун алкагында кызматкерлердин айлык акысы да бир эсеге көбөйүп, мурда ар бир кызматкер болгону үч жарым миң сом алып келсе быйыл маяна жети миңден жогору болгон. 2019-жылы дагы бул долбоор уланып, кызматкерлердин санын көбөйтүү каралууда. Азыркы тапта кырк бир адам элүү жети көчөнүн тазалыгын камсыз кылат.

"Бул долбоорубуз чындап жашы жыйынтык берди. Шаар ичи, өзгөчө борбордук бөлүгүндө абдан жакшы өзгөрүү бар. 2019-жылы көчө шыпырган кызматкерлердин санын жүзгө жеткирсекпи деп жатабыз. Кызматкерлер мурун орто эсеп менен айлыкты үч миңден жогору алса жети жарым миң сом кылганбыз. Эмки жылы он миңден ашыралы деген ниет бар. Себеби, жоопкерчилиги анан тейлеген аймагы да көбөйөт да",- дейт Каракол шаардык тазалык муниципалдык ишканасынын башчысы Алмаз Абдыкеев.