Өзгөндүн Токтогул айылынын тургундары ашар ыкмасында айыл аралап аккан Зергер суусунун жээгин бекемдеп жатышат. 200 метрдеги суу жээгин бекемдөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги габион менен камсыздаган.
Жергиликтүү бийлик техника жагын каржылаган. Мындай аракеттин мааниси чоң. Өткөн жазда катуу келген суунун агымы жээкти жеп, Зергер айыл аймагын райондун борбору менен бириктирип турган жалгыз жолду жарактан чыгарган. Бир катар күрүч талаасын да жууп кеткен. Тосмолорду орнотуу менен Токтогул айылындагы миңден ашуун тургундун коопсуздугу камсыздалат.