Жаңылыктар
Бүгүн дүйнөлүк ыктыярчылар күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн дүйнөлүк ыктыярчылар күнү

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылар күнү. Майрам Кыргызстанда да салтанаттуу белгиленип жатат. Бишкекте 15 ыктыярчы уюмдун катышуусунда майрамдык иш-чара өттү. Куттуктоо сөздөр айтылып, мыкты ыктыярчыларга сыйлыктар тапшырылды. Кыргызстанда ыктыярчылардын так саны белгисиз. 

Өлкөнүн бардык аймагында ыктыярчылардан турган топтор бар. Алар кары-картаңдарга, жардамга муктаждарга акысыз көмөк көрсөтүшөт. Ошондой эле, мамлекеттик иш-чараларга да активдүү катышып келишет.

"Мурда комсомол деген болгон болсо, бүгүнкү күндө алар ыктыярчылар. Азыркы ыктыярчылар комсомолдун ролун аткарып жатышат десек болот",- деди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов.