Жаңылыктар
Акы төлөнүүчү жолдордун болжолдуу баасы белгилүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
Акы төлөнүүчү жолдордун болжолдуу баасы белгилүү болду

Акы төлөнүүчү жолдордун болжолдуу баасы белгилүү болду. Эксперттик топ иштеп чыккан тарифке ылайык, чакырымына жеңил унаалар 57 тыйындан, ал эми оор жүк ташыган унаалар 2 сомдон 14 сомго чейин төлөйт. Мындай пикир Транспорт жана жолдор министрлигинде өткөн "Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору" боюнча теманы талкуулаган тегерек столдо айтылды. Бирок, бул азырынча так белгиленбеген, болжолдуу гана нарк. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов учурда тиешелүү укуктук-нормативдик документтер даярдалып жатканын кабарлады. 

Белгилей кетсек, бул долбоор мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашып, аны инвестор жүзөгө ашырат да, мамлекет түшкөн кирешеден белгиленген пайызын алып турат. Министрлик буга чейин болжолдуу акы төлөнүүчү жолдорду атаган. Аларга Бишкек – Ош жолунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолу, Кара-Балта - Чалдыбар жолу жана Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун Кубакы - Балыкчы жолун кыскартуу үчүн Кубакы ашуусу кирет. 147-чакырымдан башталып, 214-чакырымга чейин кошулат.