Жаңылыктар
Кадыржан Батыров дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Кадыржан Батыров дүйнө салды

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилип, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров кечээ Украинанын Одесса облусунда 62 жаш курагында көз жумду. Бул кабарды анын жакындары ырасташты. 

Алардын маалыматына караганда, 4-декабрга караган түнү Кадыржан Батыров куптан намазын окугандан кийин жатып, ойгонгон эмес. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда "улут аралык жаңжалды козуткан", "жикчилдикке чакырган", "калайман башаламандык уюштурган" деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.