Жаңы жылдан баштап Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, күйүүчү май өлкө аймагына Орусиядан алынып келет. Келишим боюнча ташып келүүдө бажы салыктары алынбай, жыл сайын бекитилүүчү индикативдик баланстын негизинде белгиленет.
Аталган баланс ушул жылдын 1-октябрына чейин тийиштүү органдар тарабынан макулдашылып, документке кол коюлушу керек эле. Бирок ага бүгүнкү күнгө чейин кол коюла элек. Ал арада Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агентигинен "докуменке ушул жумада кол коюлуп, күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт" деп билдирди.