3-декабрь - Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү. 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 47-сессиясында бул күндү белгилөө тууралуу чечим чыгарган. Ал майрам катары өлкөнүн булуң -бурчунда белгиленип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белектер, акчалай сыйлыктар берилет. Дегеле Кыргызстан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга канчалык ыңгайлуу өлкө?
Кыдырман Солпуев 1978-жылы колхоздо трактор айдачу. 16 жашында күтүлбөгөн жерден кырсыктап, бир бутунан ажыраган. Кырсыктадым деп жатып албай, тагдырдын сыноосуна моюн сунуп, тиричилигин улантып келет Учурда 4 баланын атасы.
Өлкөдө 181 миңден ашык ар кандай деңгээлдеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Булардын 29 миңи жаш балдар. Мунун ичинен бирөөнүн камкордугуна муктаждардын саны 6 миңден ашат. Бул категориядагы жарандарга камкордук кылган кишиге, мейли ал ата-энеси же башка адам болсун, мамлекет 2019-жылдын 1-январынан тарта кызмат акы төлөмөй болду.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн облустар бери турсун ордо калаада шарттар толук түзүлгөн эмес. Арабачан жүргөн киши өз алдынча жадакалса сейилдей албайт. Анткени аялдама, имараттардын кире бериши, шаар көчөлөрүндө жарытаарлык шарт жок. Манас менен Чүй проспектисине жаңы орнотулган жер өтмөктөгү бул жабдуу эч качан иштеген эмес. Жабдууда аны колдонуу тууралуу түшүндүрмөсү жазылып, татынакай бойдон турат.
Эми өлкө аймагындагы бардык имараттардын кире бериши, шаар көчөлөрүнө, аялдамаларга ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүлө турган конвенция иштелип чыгып, Жогорку Кеңеште каралып жатат. Документ кагаз жүзүндө калбаса экен деген үмүт бар.