Жаңылыктар
Борбор калаадагы спорт ордосунда бал жарманкеси өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы спорт ордосунда бал жарманкеси өтүп жатат

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ушул күндөрү бал жарманкеси өтүп жатат. Анда экологиялык жактан таза, сапаттуу, табигый таттуу азыктын түрлөрү коюлган. 

Кыйлага тараган кыргыз балынын жарманкесине алыскы Токтогул районунан келген бал челекчи Чолпон Тургунбаева да катышууда. Бул жерге табигый таза, кошулмасы жок ширин азыктын өзгөчө, сейрек түрлөрүн алып келген.

Жарманкеге өлкөнүн жети дубанынан келген 20дан ашык бал челекчилердин ар бири ширин азыктын бештен түрүн алып келген. Бир килограмм таттуу азыктын орточо баасы 250 сомду түзөт.

Жарманкеге балдан тышкары башка азыктар да коюлган. Баары быйылкы түшүмдөн. Нукура тазалыгы менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, тамшаткан кыргыз балынын түрлөрү коюлган жарманкеге шаар тургундарынан сырткары коңшу өлкөдөн да коноктор келген.