Бишкек шаарындагы медициналык колледждин жатаканасына ала качуунун курмандыгы болуп, милиция бөлүмүнөн киши колдуу болуп көз жумган Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү тартылды.
Эскерте кетсек, маркум мурда ушул окуу жайда билим алчу. Ал 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Шектүү Марс Бөдөшевго кылмыш иши козголуп, учурда соттук териштирүү иштери жүрүүдө.