Жаңылыктар
Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлдү

Курамына 42 мүчө кирген кеңешти мамлекет башчы өзү жетектейт. Ал сыртта иштеген мигранттардын маселелерин чечүү, колдоо көрсөтүү, Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго мекендештердин инвестиция салышына көмөктөшүү жана башка багыттарда иш алып барат.

“Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө” жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 22-ноябрда кол койду. Кеңештин максаты Кыргызстандын экономикалык, маданий, социалдык өнүгүүсү, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу.