Жаңылыктар
Президент Жээнбековго кайрылгандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Жээнбековго кайрылгандар көбөйдү

Президентке кайрылуулардын саны көбөйүүдө. Мамлекет башчысы ишке киришкен былтыркы жылдын ноябрь айынан тартып 15 миңдей жаран өлкө жетекчисинен көмөк сурашкан. 

Чарбалык талаш-тартыштар, зордук-зомбулук, соттордун чечимдерине нааразы болгон тараптар, айтор кайрылуулардын мазмуну ар түрдүү. Президенттин аппараты ар бир кат каралып, аларга тиешелүү жооптор болорун билдирет.

Социалдык тармактар, интернет аркылуу мамлекет башчысына кайрылуу жолдоп, маселе чечилген учурлар бар. Маселен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мыйзамсыз иштен бошотулганын билдирип, мекемеде коррупциялык иштер бар экенин айтып чыккан. Иликтөө инспекциядагы мыйзам бузууларды ачыкка чыгарды. Ал эми маалымат катчы кайра кызматына кайтып келген. Ушундай эле көрүнүш “Темир жол” мекемесинде да болуп, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ишканага байланыштуу иликтөөлөр жүрүп жатат. Президент өз аппаратына бир да кайрылууну кароосуз калтырбоо тапшырмасын берген.