22-ноябрда интернет жана телекоммуникация тармагында иш алып барган "Акнет" компаниясынын абоненттери ишкана рейдерлик басып алууга туш болгондуктан, ишмердүүлүгү токтотулат деген маалыматты алышкан.
Ал арада компанияны негиздегендердин бири Руслан Абдумажитов мындай билдирүүнү четке какты. Ал - компания жетекчилиги анык кирешени жаап-жашырып жатат деген күмөн санагандыктан, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка кайрылганын билдирди.
Маалыматтарга караганда, "Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин укугунан аша чаап пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Руслан Абдумажитов компанияны үч киши түптөгөнүн, ар биринин бирдей пайыздагы үлүшү бар экенин билдирди.
Ал арада Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы "Акнеттеги" тинтүү боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, компаниянын имараттарында компаниянын жетекчилери ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган, компаниянын кардарларынан түшкөн кирешелер боюнча так маалыматтарды жашырган жана ири көлөмдө салыктарды төлөөдөн качкан тастыктоочу документтерди таап, ачыкка чыгаруу боюнча сот тарабынан санкцияланган тинтүүлөр жүрүп жатат.
Мындай чаралар "Акнеттин" жетекчилери менен жооптуу жактарына козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүүдө.