Ош шаарында окуучуларды албай койгон маршруттук каттамдардын лицензиялары алынат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов эл менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Окуучулар 1 сомдон жол акы беришкендиктен көп учурда машрут айдоочулары албай коюшат экен. Эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынып, мыйзам бузган айдоочулардын лицензиялары тартылып алынат - деди Сарыбашов.
Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, окуучулар 1 сомдон ал эми дем алыш күндөрү 4 сомдон жол акы төлөшөт.