Өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы кыргыз мамлекетинин көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз ССРнин министрлер кабинетинин төрагасы болгон Султан Ибраимовго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наамды ыйгаруу жалпы коомчулук тарабынан колдоого алынууда.
Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңешинин жыйынында да көтөрүлүп, эл өкүлдөрү буга багытталган тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүштү.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго Кыргыз Республикасынын Баатыры ардактуу наамын ыйгаруу демилгеси күн мурун президент тарабынан көтөрүлгөн.
Бирок, мыйзамга ылайык азыркы учурда көзү өткөн адамдарга наам берүүгө тыюу салынат. Андыктан өлкө башчынын сунушун кабыл алып, тиешелүү укуктук нормативдик актыларга өзгөртүү киргизүү маселесин бир катар депутаттар көтөрүштү.
Султан Ибраимов Совет мезгилинде бир катар мамлекеттик жооптуу кызматты ээлеп, министрлер кабинетинин төрагалыгына чейин жеткени белгилүү. Ал аз жана саз жашап, кыска өмүрүндө кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө опол тоодой салым кошту. Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев Султан Ибраимов менен 20 жылга жакын чогуу иштешкен. Аны иш билги, мыкты адис катары эле эмес, жан дүйнөсү таза, кыраакы, эл башкара билген сапатын да жакшы билген.