Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жалпы 20 миң гектардан ашык айдоо аянты бар. Райондун өзгөчө географиялык татаал шартына байланыштуу анын тогуз миңден ашык аянтына гана сугат суу жетет.
Бирок өлкөдөгү иригациялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен айдоо аянттарын кыйла көбөйтүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири болууда.
Анын бири катары айтсак жаңыдан курула баштаган Ак-Кырчоо каналынын салынышы. Азыркы тапта каналдын курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорго жалпы беш жүз тогуз миллион сом жумшалууда. Курулуш иштеринин жүрүшөн аймактык кабарчыбыз Эдил Мелисбек айтып берет.
Орто-Токой суу сактагычынан келген сууну бөлүштүрүп кетүү жайын куруу үчүн эки айдан бери адистер тынымсыз иш алып барууда. Баары талапка ылайык жүргүзүлүшү керек.
Долбоорго ылайык жаңы Ак-Кырчоо суу каналынынын узундугу он жети чакырымды тузөт. Тоң аймагынын бул айылдары таштак келгендиктен сугат суу жерге бат сиңип кетет. Андыктан суу каналынын үчтөн эки бөлүгүнө жалаң темир бетон жабдыктарын жаткыруу каралган.
Белгилей кетсек жаңы Ак-Кырчоо каналы аркылуу жалпы беш миң айдоо аянтына сугат суу жеткирүү пландалууда. Тоң аймагында алма, алмурут өзгөчө өрүк мөмө жемиштери жакшы өскөндүктөн жаңы айдоо аянттарына жалаң мөмө жемиштерин отургузуу каралууда. Бул долбоорду союз мезгилинде эле ишке ашыруу каралган эле.Алгачкы курулмалары салынып баштап, бирок аягына чыга албай калган.