22-ноябрь - прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Прокурорлор күнү 2000-жылы, прокуратура кызматкерлеринин мыйзамдуулукту, укуктуулукту камсыз кылуудагы, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу салымын эске алуу менен кабыл алынган. Ал эми бул дата тарыхтагы урунтуу учурга дагы тиешеси бар.
Анткени 1924-жылдын 22-ноябрында Кара Кыргыз автономиялуу облус президиумунун токтомуна ылайык, облус юстициясынын элдик комиссариатында 15 адамдан турган кыргыздын биринчи көзөмөл органы - улуттук прокуратура түзүлгөн. Кесиптик майрам күнү эмгеги сиңип, баага татыган кызматкерлер президенттин атынан жана мекеменин атынан сыйланды.
Салтанаттуу иш-чарада КРдин Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун айтып, прокуратура кызматкерлери үчүн коррупция менен күрөшүү башкы максат экендигин, көзөмөл органы үчүн бардык шарт түзүлүп жатканын айтып, коюлган милдеттерди так аткарууга чакырды.