Жаңылыктар
Өлкөдө ысык тамак берүү долбооруна кирген мектептердин саны арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө ысык тамак берүү долбооруна кирген мектептердин саны арбыды

Кыргызстанда ысык тамак берүү долбооруна кирген мектептердин саны арбыды. Бул туурасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан кабарлашты. Сыноо иретиндеги 420 мектепке дагы 83ү кошулган. Ошентип кенже класстын 145 миң окуучусу күн сайын сапаттуу түшкү тамак иче баштады. 

Бул мектептеги тамактандырууну жакшыртуу боюнча Россия Федерациясы бөлгөн 10 миллион долларлык финансылык колдоосунан улам болуп жатат. Ал акчага электр мештерин, көп азыкты куура турган шкафтарды, электр көмөч казандарын, камыр жууруган аппараттарды, муздаткычтарды, суу ысыткычтарды, идиш жуугучтарды, жашылча-жемиштерди туураган техникаларды жана башка керектүү буюмдар алынган. Жогоруда саналган оокаттардын баары балдарды түшкү тамак менен камсыздоого керектелүүдө. 

Белгилей кетсек, мектептеги тамактанууну жакшыртуу боюнча программа Кыргызстанда 2013-жылдан бери Россиянын финансылык колдоосунда ишке ашып келет. Анын максаты — өлкөдөгү 2200 мектепте тамактануунун сапатын жакшыртуу.