Жаңылыктар
Мамлекеттик геологиялык кызматына 80 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
 Мамлекеттик геологиялык кызматына 80 жыл

Бүгүн өлкөнүн Мамлекеттик геологиялык кызматы 80 жылдыгын белгилеп жатат. Улуттук филармонияда чоң салтанат уюштурулуп, анда бул тармактын мыктылары өкмөт башчынын ардак баракчалары жана энчилүү сааттары, ошондой эле геологиялык кызматтын сыйлыктары менен сыйланышты. 

Иш-чара концерттик программа менен уланды. 80 жылдан бери бул кызмат кен байлыктарын ачуу жана чалгындоо боюнча алгылыктуу иштерди аткарды. Азыр кен өндүрүү тармагы Кыргызстандын экономикасынын негизги кыймылдаткычы. Геологиялык кызмат алдыда мыкты адистерди даярдап, жаңы кен байлыктарды ачуу жана чалгындоо аракетин көрүүдө.