Жаңылыктар
Электрондук саламаттыкты сактоо кызматы эксперименталдык түрдө иштеп баштады
Ден соолук
Электрондук саламаттыкты сактоо кызматы эксперименталдык түрдө иштеп баштады

Электрондук саламаттыкты сактоо. Бул долбоор азыр Кыргызстандын үч облусунда эксперименталдык түрдө иштеп баштады. 

Эгер бул массалык түрдө иштеп баштаса медицина кызматкерлеринин иши жеңилдеп,бейтаптар тууралуу маалыматтар, анализдеринин жыйынтыктарын интернет аркылуу мүмкүн болуп,убактылары бир топ үнөмдөлмөк.

Чынында бул долбоордун коопсуздугу иштелип чыга элек. Хакерлер каалаган учурда бул системаны талкалап коюшу мүмкүн. Бул жагы эмки жылдын башынан баштап ишке ашырылат. Эске сала кетсек Ысык-Көл облусундагы бул долбоорду ишке ашырууга жалпы төрт миллион сомго жакын каражат кеткен. Анын үч миллионун өкмөт бөлүп берген.