Ош шаарында энелер күнүнө арналган иш-чара өттү. Ага ар кайсы курактагы 700гө жакын эне чакырылган. Алар баатыр энелер, маданият тармагында эмгектенген өнөр адамдары, социалдык кызматкерлер жана лидер айымдар. Майрам ээлери үчүн концерттик программа тартууланып, кыргыз драм театрынын артисттери "Жүрөлүчү көңүл оорутпай" аттуу спектакль коюп беришти. Ар бир окулган ыр саптары, жандуу үн коштоосундагы чыгармалар энелерди даңтап, алардын урматына арналды. Саамалыктын соңунда бардык апаларга белектер берилди.
"Ар дайым тынчтык, биримдик болсун.. Биз остургон балдар олко келечеги учун ак кызмат кылган адамдардан болсун.. Конул буруп куттуптап жаткандары учун барына рахмат.",- деп билдирди баатыр эне Турганбү Эрмекбаева