Жаңылыктар
Премьер С.Жээнбеков иш сапары менен Нарын облусунда болду
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер С.Жээнбеков иш сапары менен Нарын облусунда болду

Нарын облусунда айыл чарба тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү кенен. Аны толук көлөмдө иштетүү гана керек. Мындай пикирин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жасаган жумуш сапарында айтты. Ал жазгы айдап себүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, курулуш объектилерин көрдү. Ар бир объектиге барганда Жээнбеков сапатка көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы мектептин курулушун жергиликтүүлөр чыдамсыздык менен күтүп жатышат. мектептин аянты 1300 чарчы метрди түзүп, 150 орунга эсептелген. Жумгал районундагы Чаек айылындагы мектеп болсо эки эсеге чоң. ал 275 окуучуга ылайыкташкан. 

Премьер мектептердин курулушуна алдыңкы технологиялар колдонулушу керектигин белгиледи. өзгөчө электрди үнөмдөөчү жаңы технологиялар. Ошол эле маалда мектептин имараты бугунку кундун бардык талаптарына шайкеш келиши керектигин айтып, окуучуларга болушунча ынгайлуулук түзүлсүн деди.

Жээнбеков ошондой эле Кочкор айылындагы мал союучу цехтин курулушунун жүрүшү менен да таанышты. Цехтин имаратынын курулушу түрк технологиясы боюнча жүргүзүлүүдө жана ичине лаборотория, карантиндик борбор жаныбарларды тоюттандыруу боюнча цехти камтыйт. 2017-жылдын аягына чейин ата мекендик этти чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк берүүчү эл аралык үлгүдөгү сертификатты алуу пландаштырылууда.