Ак-Талаа: 17 миллион сомго магистралдык канал калыбына келтирилүүдө
Новость

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу максатында ирригациялык каналдарды оңдоо жана суткалык сууну тескөөчү БСР куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда райондогу жалпы узундугу 4 чакырымды түзгөн Чоң-Бактыгул магистралдык каналы оңдолууда. Каналга жаңы инновациялык ыкма менен бетон төшөлмөсү коюлуп, 8 суу бөлгүч жана 3 көпүрө куруу пландалган. Бул үчүн мамлекет тарабынан 17,7 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө керектүү материалдар толук жеткирилди, жер жумуштары жүрүп, эки суу бөлгүч толук курулуп, бетон төшөлмөсү жаткырылууда. Аталган иштерге БУУнун Азык-түлүк программасы аркылуу Баетов жана Терек айылдарынын тургундары тартылган.

Каналдын ремонту бүткөндөн кийин Баетов айыл аймагындагы 305 гектар айдоо аянтына суу берүү жакшырып, сууну жоготуу толук жоюлат. Канал 1960-жылдары курулган жана андан бери ремонттолбогондуктан, анын нугу бузулуп, сугат суу коромжуга учурап келген.