«Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-14-ноябрь күндөрү Ч.Айтматов проспектиси, Лев Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Бакаев көчөсү, Гагарин көчөсүндө газ болбойт.
Иштер шаардын жолдор тармагын реконструкциялоо боюнча жумуштарга байланыштуу Бишкек мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүүдө.
«Бишкекгаз» жарандардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.