Нарын шаары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” номинациясында 2 млн сом жеңип алды
Новость

Нарын шаары республикалык сынакта “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” номинациясында экинчи орунга чыгып, 2 миллион сом жеңди.

10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата Бишкек шаарында мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда 2 миллион сомдук сертификат Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулуна тапшырылды.

“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагы балдардын жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында уюштурулуп, алардын кызыкчылыктарын коргогон маселелерди чечүүгө жаштарды тартуу менен шаарда жаш муундар үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө багытталган. Сынакка өлкө аймагынан 22 шаар катышып, Нарын экинчи орунга ээ болду.

Сыйлыкка алынган каражат жаштар тармагын өнүктүрүүгө жумшалмакчы: кесиптик жана чыгармачылык көндүмдөрдү өнүктүрүү, эс алуусу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана жаштар аркылуу экологиялык маданиятты жайылтуу боюнча долбоорлорго багытталат.

Биринчи орунга Манас шаары, үчүнчү орунга Кара-Кол шаары ээ болду.