2024-жылы өлкөдө жалпы кубаттуулугу 48,8 мВт болгон 8 чакан ГЭС курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев Биринчи радионун "Маанилүү маек" көрсөтүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, учурда бул станциялар толук иштеп, электр энергиясын өндүрүүдө.
Алардын катарына төмөнкү ГЭСтер кирет:
- Бала-Саруу ГЭСи – 25 мВт
- Ысык-Ата-1 ГЭСи – 2 мВт
- Көрарт ГЭСи – 6,7 мВт
- Кайнама ГЭСи – 9,6 мВт
- Курак-Тектир-1 ГЭСи – 600 кВт
- Арашан ГЭСи – 2,4 мВт
- Белес ГЭСи – 540 кВт
2025-жылы дагы 5 ГЭСтин курулуш иштери толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Анын ичинен 4 ГЭС Эгемендүүлүк күнүндө ишке берилсе, бирөө октябрь айында пайдаланууга берилди.
Эки жылдын ичинде жалпысынан 90 мВтка жакын кубаттуулуктагы ГЭСтер ишке берилди. Ал эми 2026–2027-жылдары да жаңы ГЭСтерди ишке берүү пландалууда.