88 жаш курагында УТРКнын ардактуу ардагери Рахматулина Наиля Калимовна акка моюн сунду.
Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1959-жылы аяктаган. 1962-жылы УТРКнын балдар редакциясына редакторлук болуп кызматка алынган. 1975-жылы башкы редактордун орун басары, 1987-жылы киноредакциянын башкы редакторлук кызматын аркалаган.
Наиля Рахматулина отуз жылдан ашык Улуттук телерадио корпорациясына сиңирген эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин, министрликтердин жана тармактын ички сыйлыктарына татыктуу болгон.
УТРКнын ардактуу арадагеринин өрнөктүү өмүрү кийинки муундарга үлгү катары уланып, анын жаркын элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат.