Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда.
Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык берип, парламентке жалаң акчалуулар келет дешсе, айрымдар талапкердин ийгилиги анын агитаторлорунун санына эмес, шайлоочулардын тандоосуна жараша чечилерин айтышууда. Мындан улам “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, суроо узатты.
— Саламатсызбы! Жогорку Кеңештин дептутаттарын шайлоого катышууну каалгандардын катары күн сайын көбөйүүдө. Үгүт маалы расмий башталганда аларды шайлоочулар өздөрү талдап, тандап алышат деңизчи.
Бирок учурда шайлоого байланыштуу айрым тынчсыздануулар талапкерге уруксат берилген үгүтчүлөрдүн санына карата болууда.
Тагыраагы, бир талапкер бир миңге чейин агитатор жалдаса болот деген ченем парламентке жалаң бай, акчалуулардын келишине жол ачат дегендер бар. Ушул боюнча сиздин пикир?
— Бул маселе боюнча мурдагы мыйзамда 500гө чейин үгүтчү алса болот деген ченем бар эле. Округдар чоңойгонуна байланыштуу депутаттар миң үгүтчүгө чейин деп көтөрүп коюшуптур.
Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм. Себеби канча жолу шайлоолорго катышсам да бир округга мынча үгүтчү алган эмесмин.
Азыркы шайлоого катышып жаткан талапкерлер деле мынча үгүтчү албаса керек. Эгер ушунча үгүтчү алган талапкер болсо, демек, акчасы көп талапкер.
Шайлабай коюш элдин колунда. Элге ошол үчүн кайра-кайра кайрылуу жасап жатам го, “добушуңду сатпа” деп. Албетте, бул кемчиликти кийинки шайлоодо оңдоп койсок болот.
Бирок экинчи жагынан алып караганда, миң үгүтчү деген маселеден трагедия кылыштын деле кереги жок.
Себеби, 500 үгүтчү деп көрсөтүп койгон менен маселе чечилбейт деп ойлойм. 500 үгүтчүнү расмий түрдө алып, 500 үгүтчүнү оозеки сүйлөшүп алып иштетиши толук мүмкүн да. Далилдеш кыйын.
Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм. Ар бир талапкердин тагдыры үгүтчүлөрдүн колунда эмес, элдин колунда! Эгер эл колдобогон талапкер болсо миң эмес, эки миң үгүтчү жалдап алсаң да өтпөйсүң.
Мен өзүмдүн башымдан өткөн бир мисалды келтире кетейин. 2005-жылкы шайлоодо бир округдан 12 талапкер ат салышканбыз. 11и биригип алышып мага каршы иштешкен.
Губернатор, кызматта турган аким, ошол мезгилдеги иштеп жаткан депутаттар, “бийликтин батасын алып келдик” деген бизнесмендер болгон.
Менде 200гө жетип жетпеген эле үгүтчүм болгон. Кудайдын кудурети менен, элдин колдоосу менен мен өтүп кеткем.
Ошондуктан үгүтчүгө эмес, Кудайдын, анан элдин колдоосуна ишенгиле. Дагы бир мисал келтирейин.
2010-жылкы шайлоодо бир чоң участокко 30 үгүтчү алып, ошол участоктон 2 добуш алган жерлерибиз болгон.
10 үгүтчүбүз бар участоктон бир да добуш алган эмеспиз. Мындай окуялар да болот.
Ошондуктан ар бир үгүтчү - бул шайлоочу. Кимден акча алып, кимге чуркап жатканын жетимиш өлчөп бир кессин.
Кийин элдин убалына калбашын ойлонсун.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев