Нарында кыш жакындап, көмүрдүн баасы 6 миң сомго чыкты
Новость

Нарын облусуна быйылкы күз-кыш мезгилине 130 миң 512 тонна көмүр керектелет. Анын 95 миң 130 тоннасы калктын муктаждыгына туура келет, учурда алардын ичинен 9 миң 440 тоннасы тартылды.

Бюджеттик мекемелер үчүн 20 миң 472 тонна көмүр пландалган, анын 12 миң 696 тоннасы тартылып, бул 62 пайызды түзөт.

Өкүлчүлүктүн экономика жана региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурсултан Аскербековдун айтымында, элди көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында облуста 77 кампа уюштурулган. Учурда райондук администрациялар атайын унааларды бөлүп, көмүр ташуу иштерин жүргүзүп жатышат. Айыл өкмөттөрдөн келген унааларга көмүр “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, кезексиз жүктөлүүдө.

Азыркы тапта Нарын шаарындагы эки топ базага 120 тонна көмүр түшүрүлүп, тоннасы 6 миң сомдон сатылууда.
 Аскербековдун айтымында, облустагы көмүрдүн баасы 3 миң 500 сомдон 6 миң сомго чейин өзгөрөт. Баалар бир жуманын ичинде туруктуу деңгээлде бекитилет. Айыл өкмөттөргө топ базаларды уюштуруп, мамлекет бекиткен баадан жогору сатпоого тапшырма берилген. Эгерде бул талап бузулса, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Учурда Нарын облусунда көмүр өндүргөн 26 ишкананын 20сы иштеп жатат. Быйылкы жылдын сегиз айында жалпы 895 миң 760 тонна көмүр өндүрүлдү.