1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата өкмөттүн токтому менен 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Карыларга көңүл буруу жана кам көрүү” урааны алдында бир айлык жарыяланган. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында материалдык, моралдык жана медициналык жардам көрсөтүү багытында бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Нарын облусунда бир айлыктын алкагында 100 жаштан өткөн 18 кары адамга өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 5 миң сомдон бөлүнүп, жалпы 90 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.
Учурда облус боюнча 60 жаштан жогору 11 миң 786 адам Нарын облустук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун каттоосунда турат. Жыл башынан бери мамлекеттик программалар аркылуу 70 жаштан жогорку жарандардан 1752 бейтапка 5765 рецепт жазылып, 1068 улгайган адам ооруканаларда акысыз дарыланып чыкты.
Мындан тышкары, өкмөттүн дагы бир токтомуна ылайык, улгайган адамдарга карата кайдыгерликти, басмырлоону жана зомбулукту алдын алуу, социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Облус боюнча 577 жалгыз бой жана жардамга муктаж карыяга социалдык кызматкерлер үйүнө барып керектүү жардам көрсөтүп, дары-дармегин жеткирип турушат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик жана айыл өкмөттөр тарабынан отун-көмүр түрүндө да колдоо көрсөтүлүүдө.
Карыларга камкордук көрсөтүү боюнча иштер мындан ары да жыл бою улантылат.