Миллиарддык клиника, миңдеген өмүр: Ошто боор жана бөйрөк алмаштыруу боюнча жаңы клиника курулууда
Новость

Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) каражатына 2 миллиард сомго бааланган жаңы заманбап оорукана курулуп жатат. Бул клиника ишке берилсе, ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен катар Фергана өрөөнүнүн калкына да жогорку деңгээлдеги медициналык кызмат көрсөтмөкчү.

Медициналык кампустун курулушу эки жыл мурда башталган. Жалпы 2 гектар аянтты ээлеген бул жерде 9 багыттагы бөлүм жана 6 илимий-изилдөө, реабилитациялык борбор курулууда. 

Куруучу Аманалы Жусуповдун айтымында, учурда иштердин жарымынан көбү бүткөн — негизги коммуникация тартылып, үстүнкү кабаттарда шыбак иштери башталды.
Коопсуздук үчүн өрт өчүрүү кызматына арналган төрт чоң резервуар курулуп жатат. Курулуш үчүн жабдуулар жана материалдар Россия менен Кытайдан алып келинүүдө.

Белгилүү болгондой, 60-жылдары түптөлгөн Ош шаардык ооруканасынын имараты Президенттин жарлыгы менен ОшМУнун балансына өткөрүлгөн. Максат – заманбап медициналык билим берүү менен элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков белгилегендей, клиника ишке кирери менен четке чыгып жаткан дарыгерлердин агымы токтоп, бөйрөк жана боор алмаштыруу сыяктуу татаал операциялар жүргүзүлө баштайт.

“Бөйрөк алмаштыруу боюнча биринчи операция ийгиликтүү өттү. Жакында экинчи операция да жасалат. Боор трансплантациясына даярбыз. Өкмөттүн тиешелүү токтому да чыкты. Анда боорду алмаштырууга мүмкүнчүлүгү бар 3 клиника бекитилди. Биздин клиника дагы ошол тизмеге кошулду. Клиникада жеке мекемелерде жок жабдуулар орнотулат. Дарылоо менен катар окумуштуулар илимий иш алып барып, жаңы методдорду киргизишет,” — деди ректор.

Жаңы клиникага тажрыйбалуу адистер тартылып, медперсонал менен дарыгерлер чет өлкөлөрдө даярдыктан өткөн. Учурда ОшМУнун медициналык факультеттери, эл аралык медицина бөлүмү жана медколледжинде 10 миңден ашык студент билим алууда.

Курулуш толугу менен 2026-жылы бүткөрүлүп, оорукана мамлекеттик балансында болот.