Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын автопаркы атамекендик өндүрүштөн чыгарылган 15 даана “Шевроле Трекер” үлгүсүндөгү унаа менен толукталды.
Бул унааларды УТРК тышкы жардамсыз, өз каражатына сатып алды. Мындай мүмкүнчүлүк ички резервди толтуруу жана каражатты сарамжалдуу пайдалануунун натыйжасында жаралды. Корпорациядагы туура менеджмент бардык карыздардан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүп, ушинтип заманбап техникалар менен камсыздоо ишке ашууда.
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да унааларды тапшыруу аземинде белгилеп, жаңы унаалардын ачкычтарын тапшырды.
15 автоунаанын жетөөсү УТРКнын облустук каналдарына, сегизи борбордук каналдарына берилди.
Муну менен аймактык телеканалдар тарыхта алгачкы жолу жаңы унаалуу болушту. Эми бул техникалар күнү-түнү маалымат чогултуу жана чагылдыруу иштерин жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Жаңылануу — элге маалыматты так, ыкчам жана ишенимдүү жеткирүү, ошондой эле мамлекеттин маалыматтык саясатын натыйжалуу жүргүзүү максатын көздөйт.
УТРКнын автопаркы акыркы жолу 10 жыл мурун жаңыланган. Бирок анда да колдонулган, 2003–2004-жылдары чыгарылган автоунаалар алынган эле. Убакыттын өтүшү менен техникалардын эскилиги жетип, оңдоого ири каражат сарпталып келген.