Садыр Жапаров Габала шаарындагы ТМУнун мамлекет башчыларынын саммитине катышууда
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Азербайжан Республикасынын Габала шаарындагы Г. Алиев атындагы конгресс-борбордо Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине катышууда.

Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды. 

Саламдашуу аземи жана биргеликте сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.