7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасынын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 12-чи Саммитине катышуусу аяктады.
Президент өз сөзүндө Кыргыз Республикасы бир жыл мурда ТМУга төрагалык кылуу боюнча ардактуу миссияны өзүнө алганын жана экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча Жол картасын даярдаганын эске салды.
Ал санариптик документтерди укуктук таанууну камсыз кыла турган электрондук санарип кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга жетишүү боюнча кыргыз тараптын демилгесин баса белгиледи.
Президент үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында биринчи жолу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өткөнүн өзүнчө белгилеп өттү. Бул кыргыз төрагалыгынын маанилүү жыйынтыгы жана уюмдун өнүгүшүндөгү тарыхый кадам болуп саналат.
Габала саммитинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасы ТМУдагы төрагалыгын расмий түрдө аяктап, эстафетаны Азербайжан Республикасына өткөрүп берди.
Андан ары мамлекет башчылары бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.
Муну менен катар Садыр Жапаров Түркмөнстан Физули шаарында кура турган мечиттин пайдубалын түптөө онлайн-аземине катышты.
Президент Садыр Жапаров Габала шаарындагы ТМУнун кезектеги Саммитине катышуусун аяктаган соң, 7-октябрда Бишкек шаарына кайтты.