УКМК Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте электрондук аукциондорду өткөрүүдөгү коррупцияны жана ижарадан түшкөн кирешелерди аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупциялык схеманын бетин ачты. Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде Финансы жана контролдоо бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча каражаттарын ижарага которуп, кийин жооптуу кызматкерлер аталган каражатты материалдык баюу максатында өздөштүргөн.
Аталган факты боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында быйылкы жылдын 3-октябрында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Финансы жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (эсепчи) 1996-жылы туулган С.А.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.