Этти жогору баада саткан ишкерге 13 миң сом айып салынды
Новость

Бишкекте этти мамлекеттик баадан жогору саткан ишкер жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага 13 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ишкер эттин (уйдун жана козунун эти, сөөктүү бөлүктөрү) баасын мамлекет тарабынан жөнгө салынган деңгээлден жогорулатып саткан. Айып «Жоруктар жөнүндө кодекстин» 290-беренесине ылайык салынган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына эттин дүң баасын төмөндөтүү боюнча тапшырма берген.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн. Белгиленген чектөөгө ылайык, эттин баасы 700 сомдон ашпашы керек болчу.

Мындан тышкары, министр мамлекеттик ишканаларга уйдун этин сырттан алып келүү боюнча кошумча тапшырма берилген.

11-августтан тартып 90 күнгө уй жана кой этинин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

20-августта эттин баасына байланыштуу Айыл чарба министринин орун басары, ветеринардык кызматтын директору жана бир нече кызматкерлер УКМК тарабынан кармалган.

Алар малды экспортоодо квотаны өзүнүн адамдарына мыйзамсыз берип турушкан. Ортомчулар ал квоталарды дыйкандарга жана мал экспортоо менен алек болгон жарандарга сатышып, бодо мал үчүн 300 доллардан, ал эми майда мал үчүн 5 миң сомдон акча алып турушкан.

Натыйжада 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу коңшулаш Өзбекстан Республикасына мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгон.